Бишкек шаарындагы Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган Улуттук адабият күнүнө карата арналган «Айтматов менен кездешүү»аттуу шаардык кароо сынагында №81 орто мектебинин 6-А классынын окуучусу Сабытова Индира 3-орунду ээлеп, Ардак Грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.Индира «Алтынайдын монологун» көркөм айтып 50 мектептин ичинен суурулуп чыкты. Даярдаган мугалими Кыдыралиева Самида Тойматовна «Ыраазычылык кат» жана белек менен сыйланды.
Комментарии