Бишкек шаарындагы Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган Улуттук адабият күнүнө карата арналган “Айтматов менен кездешүү”аттуу шаардык кароо сынагында №81 орто мектебинин 6-А классынын окуучусу Сабытова Индира 3-орунду ээлеп, Ардак Грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.Индира “Алтынайдын монологун” көркөм айтып 50 мектептин ичинен суурулуп чыкты. Даярдаган мугалими Кыдыралиева Самида Тойматовна “Ыраазычылык кат” жана белек менен сыйланды.
Комментарии