Мугалимдер күнү
Бүгүн 05.10.2022-жылы №81 жалпы билим берүү мектебинде «Мугалимдердин кесиптик майрамы» белгиленди. 5-Октябрь күнү Мугалимдер майрамына карата мектеп бүтүрүүчүлөрү 11-А жана 11-Б-класстары тарабынан майрамдык кече уюштурулуп, ар бир мугалимге белектер берилди. Окуучулар уюштурган иш чара жалпы жаамат катышып конкурстарга активдүү катышып, көнүлдүү отурушту.
Мектептин директору Атыкулова Э.Э. мугалимдердин ийгиликтери жөнүндө кеңири сүйлөп аларга ыраазычылык билдирип, Билим берүү башкармалыгынан, Билим берүү борборунан, №16 аймактык башкаруу бөлүмүнөн жана №81 мектеби тарабынан берилген Ардак Грамоталарды алдынкы мугалимдерге тапшырды.
Комментарии