«Зордук зомбулуктун алдын алуу»
2019-2020-окуу жылына карата «Зордук зомбулуктун алдын алуу» деген темада иштелген иштердин анализи
2019-2020-окуу жылына карата мектептеги зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча төмөндөгү иштер аткарылды. Зордук зомбулукка каршыбыз деген темада класстык сааттар өткөрүлдү. «Бизде зордук зомбулук жок» деген темада дилбаян алынды. Зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча 7-класстар арасында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. «Зомбулуксуз мектеп» деген темада стенгазета 8-класстар арасында уюштурулду. Жыйынтыгында 8-г класстын стенгазетасы эң жакшы деп бааланды. Зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ата-энелер чогулушуна крисистик борборунун өкүлү Ахматова Чолпон ата-энелерге зордук зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөдө жана балдарга болгон зомбулукту токтотолу деген темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 9-класстардын кыздарынын арасында флешмоб болуп өттү.
Комментарии