«Кылым өчпөс кыргыз тили»
20-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Ак-Босого кошунунун №81 жалпы орто билим берүү мектебинде мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата «Кылым өчпөс кыргыз тилим» атуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара 11-класстын окуучуларынын атайын даярдалган сценкасы менен башталып, андан соң мектептин таланттуу окуучулары өзүлөрүнүн өнөрлөрү аркылуу эне тилди даңазалап көркөм айтууларды арнап, ыр ырдашып, бийлер менен коштолду. Иш-чаранын соңунда мамлекеттик тилдин гимни 9-класстар арасында жандуу үн менен аткарылып жыйынтыкталды.
Комментарии