“Жаш манасчы – 2021” сынагы
Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө ” Мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу максатында жана 4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүн белгилөөгө карата Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулар арасында өткөрүлгөн “Жаш манасчы – 2021” сынагына 11-б классынын окуучусу Жолдошалиева Анжелика жана 10-б классынын окуучусу Акылбеков Сүймөнкул катышышты.
Жолдошалиева Анжелика 1-орунга ээ болду. Даярдаган мугалими Айдарбекова Фарида да “Мактоо барагы” менен сыйланды.
Комментарии