№81 Мектеп №81 Жалпы орто билим берүүчү мектеби

Социалдык-психологиялык кызмат

Бишкек шаарындагы №81 орто мектебинин психология кызматынын иши

      2023-2024-окуу жылы баштардан мурун 1-класстарды окууга кабыл алуу иши менен баштап алдым. Балдардын психологиясына, моторикасына , кабыл алуусуна,графикалык жазуусунун деӊгээлине көзөмөл жүргүзүү менен  ата-энелерге, класс жетекчилерге керектүү кеӊештерди берип келем.  Мындай методика менен иш алып баруу өзүнүн алгылыктуу жактарын көрсөтүп келет.

           Окуучуларга ар кандай темада: суицид, ПАЗ жана зомбулук боюнча лекцияларды окулуп келет. О.э. психокоррекциялык иштерди, жомок терапияны, икаяларды айтуу аркылуу окуучулар менен жалпы дагы,жеке дагы иштерди жүргүзүп келем.

         9-11-класстарга профорентация боюнча тесттерди алуу, жекече кеӊеш берүү,ата-энелер менен сүйлөшүү менен бүтүрүүчүлөрдүн келечек планынын түзүлүшүнө жардам берип келем.

         Мындан тышкары мектеп ичинде эле иш жүргүзүп келбестен мектептин соцпедагогу менен биргеликте ар кандай долбоорлорго да катышып, иштеп келебиз. Мисалга алсак жакында эле ПАЗдын зыяндуулугу жана наркоманиянын алдын алуу боюнча Польшалык коллегалар менен «КАДАП 6» ишин иштеп келебиз. Мындай иш жүргүзүү биздин мектепте Тарбия иши , ИДН,  соцпедагог жана психолог кызматтарынын биргелешип иштөөсү аркылуу ишке ашат.