№81 Мектеп №81 Жалпы орто билим берүүчү мектеби

Окуу-тарбиялык иштер

             Бишкек шаарындагы Биринчи май райоунун №81 орто мектебинин

2023-2024-окуу жылындагы  педагогикалык коллективдин алдына коюлучу иш чаралар

        2023-2024-окуу жылына мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары ,педагогикалык коллективдин максаты жана тапшырмалары.

Тапшырмалары:

1. Мектептин ишин белгиленген багыттар боюнча анализдөө

2. Иштин жүрүшүндө пайда болгон проблемаларды белгилөө жана чечүү жолдорун табуу.

3.Мектептин окууту-тарбиялоо процессинде сапаттуу окутууга жетүүнүн жолдорун белгилөө.

             Өткөн окуу жылында мектептин педагогикалык коллективинин иши КР «Билим берүү» мыйзамын аткаруу багытында жүрдү.

    Мектепте аткарылуучу иштер нормативдик –укуктук актылардын негизинде иштелип чыкты жана төмөнкүлөргө көнүл бурулду.

  • Окуучунун ар тараптуу өнүгүү жөндөмдүүлүгүнө жараша.
  • Окуучулардын интеллектуалдык өнүгүшү.
  • Ден соолугу
  • Мугалимдердин жана окуучулардын чыгармачылык потенциалынын өнүгүшү.
  • Билим сапатынын жогорулашы.
  • Мектептин материалдык–техникалык базасын чыңдоо.
  • Мектепке тиешелүү иш кагаздардарын туура.так жана убакытты үнөмдөө менен сапатттуу жүргүзүлүшүнө жетишүү.

     Мектепти өнүктүрүү программасына ылайык темасы: «Окутуу –тарбиялоо прцессинде интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен окуучулардын билим сапатын аттыруу»

     Коюлган теманын негизинде педагогикалык коллектив төмөнкү иштерди аткарып жатат.

1.Окуучуларга билим берүү ишти улантуу боюнча

  • Ар бир окуучуга жеткиликтүү билим берүү.
  • Илимдин негизинде окуучуларга терең билим берүү.
  • Билим сапаттын жогору болушуна предмет мугалимдерди жана класс жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу.
  1. Билим сапатын баалоонун жана мектеп көзөмөлүнүн ишин күчөтүү.

      3.Мугалимдердин профессионалдык билимин  жогорулатууга көмөктөшү.

      4.Окуучулардын контингентин сакталышы жана 1-10-класска окуучуларды  кабыл  алуу боюнча жоопкерчилик ишти күчөтүү.

      5.Мектептин өнүгүү программасын түзүү үчүн мектептин бардык бөлүмдөрү менен бирдиктүү комплекстүү планды иштеп чыгуу.

      6.Окуучулардын атуулдук жоопкерчилигин жана укуктук түшүнүгүн ,маданияттулугуна таасирлүү үчүн жаңы педагогикалык технологияны пайдалануу зарыл.

   7. «Ден соолук»программасынын жана мектепте жүргүзүлгөн спорттук иш чаралардын негизинде окуучулардын физикалык ,руханий  жана социалдык өнүгүү жагынан иш чараларды жүргүзүү.

  1. Окуучулардын жеке жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.

    I.Окуу бөлүмү.

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 9-июлундагы №907/1  буйругу менен бекитилген жалпы билим берүү уюмдарынын Базистик окуу планынын негизинде окуу пограммасы ишке ашырылып жатат.

         Окуу программасын ишке ашыруу үчүн №81орто мектебинде   мугалим эмгектенип жатат.

          Алардын ичинен:

  • Жогорку билимдүү    76   мугалим.
  • Атайы орто кесипке ээ болгон    7  мугалим
  • Сырттан окуган мугалимдин саны –
  • Педагогикалык стажы  5 жылга чейинки мугалимдин саны-  15
  • Педагогикалык стажы  5 жылдан 10 -жылга  чейинки мугалимдин саны – 13
  • Педагогикалык стажы  11 -жылдан  15  жылга жылга чейинки мугалимдин саны – 16
  • Педагогикалык стажы  15 жылдан жогору болгон  мугалимдин саны – 39

Педагогикалык чыгармачылыкта иштеген мугалимдердин эмгеги бааланып 6 мугалим “КР билим берүү отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

          Мектептин ишмердүүлүгүнүн негизги максаттары жана милдеттери

         Максаты : билим берүүнүн жаныча сапатын ,билим алууга теӊ укуктуулукту,бардык ресурстарды эффективдүү колдонуп ,инновациялык ыкмаларды колдонуу менен окуучуларга сапаттуу билим берүү менен келечекке ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоо.

2021-2022-окуу жылында 56 класс комплектелген.Бардык окуучулардын саны 2195, анын ичинен  1135   эркек,  1160     кыз бала, Окутуу үч баскычта жүргүзүлөт.

1 баскыч   1-4 класс

2 баскыч 5-9 класс

3 баскыч  10-11 класс

классКласстын саны Окуучунун саны

1

1

6

237

2

2

6

253

3

3

6

231

4

4

6

236

5

5

6

208

6

6

7

257

7

7

6

225

8

8

5

210

9

9

4

201

10

10

2

70

11

11

2

67

жалпы

56

2195