№81 Мектеп №81 Жалпы орто билим берүүчү мектеби

“Чыңгыз Айтматов - Жер шаарынын адамы”
“Дени сак мугалим, билимдүү муун”
Мектебиме 20жыл
Шаардык семинар
2023-2024-окуу жылдын 20-ноябрында №81 жалпы орто билим берүү мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн шаардык семинар болду. Семинар жогорку деңгээлде өттү деп белгиленди.
"Саламат жашоо жана таалим тарбия" окуу программасы
"Саламат жашоо таалим тарбия" окуу программасынын негизинде 3"Б" классынын мугалими Жакеева Майрамбүбү Аскаровна " Саламат жана пайдалуу техноогия" темасында ачык сабак өтүп берди. Сабак жогорку деңгээлде өтүлдү.Саламаттын окуялары Технологияны туура пайдалануу Мультфилмдер Кыймылда болуу ж.б. пайдалуу маалыматтарды алышты.
3-март Туу күнү жана 5 -март Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү
Бишкек шаарындагы № 81 орто мектебинде 2023-жылдын 3-март күнү,  5- март Ак калпак күнү жана 3-март Туу күнү  белгиленди. Майрамдык иш чараны мектептин мүдүрү Атыкулова Эльзат Эсенбековна жакшы ой тилектерин каалоо менен Туубуз дайыма желбиреп, өлкөбүздө өнүгүү болушун, ак калпагыбыз унутулбай кийинки жаш муундун кийип жүрүшүн айтып, ачып берди.Иш чарага мектебибиздин 9-класстарынын окуучулары катышты. Кыргыздын улуттук баш кийими болгон "калпак" тууралуу жана Туунун кабыл алынышы жөнүндө тарых , дин таануу боюнча сабак берген агайыбыз Төрөбай Акматович кеңири маалымат берди. 
2023-жылдын 20-февраль күнү 9-10-11-класстарга салык сабаттуулугу жөнүндө маалымат берилди
Бишкек шаарындагы № 81 орто мектебинде 2023 - жылында 20-февраль күнү жыйын залында 9-10-11-класстардын окуучуларына мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын инспектору Баиспек кызы Майрам салык сабаттуулугу деген темада лекция өтүп берди.
Жол эрежесин сактоо боюнча иштер жүргүзүлдү
Бишкек шаарындагы №81 жалпы орто мектебинин 7-класстар арасында 2-февралда лекция өткөрүлдү. Лекцияны Бишкек ШИИББы боюнча МККБ милициянын майору Ажыгулов Акматбек тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоосу боюнча 7-класстарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.Башталгыч класстарда да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ачык тарбиялык сааттар
Эл аралык эне тил күнүнө карата 3-б класс класс жетекчиси Жакеева Майрам Аскарбековна тарабынан даярдалып,ачык тарбиялык сабак өтүп берди.Сабак жогорку деңгээлде өткөрүлдү."Ар бир тил өз элине улуу"деген темада 8-д класс класс жетекчиси Жунушалиева Гулшат Эсеновна тарабынан даярдалып ачык тарбиялык сабак өткөрүлдү.
7-8-9-10 класстарга Зордук зомбулуктун алдын алуу максатында ата-энелер чогулушу
2022-2023-окуу жылына карата 15-февраль күнү саат 16:00дө жыйын залында 7-8-10-класстардын ата-энелерине жыйналыш болуп өттү. Жыйналышта негизги максаты ата-энелерге, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу,суициддин алдын алуу максатында ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Лекцияны "Зордук зомбулуктан жабыр тарткан ырайымсыз мамиледен балдарга жардам берүү"  борборунун өкүлү психологу Давлетбаева Динара Жумабаевна келип, ата-энелерге кинотасмаларды көрсөтүп, суроо жооп иретинде лекция өтүп берди.Лекцияга мектептин ИДН Асанбеков Рыскул Мусалиеваич жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Матмуратова Тансыгай Миталиповна катыша алышты.

Новости

Мы в цифрах

24
Жыл мектепте
2195
Окуучулар
62
Бүтүрүүчүлөр жылына
24708
Китептердин саны