№81 Мектеп №81 Жалпы орто билим берүүчү мектеби

Биз жөнүндө

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун №81 орто мектеби тууралуу маалымат

№81 орто мектеп Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Ак-Босого конушунда жайгашкан.
1997-жылы No81 мектеп башталгыч мектеп болуп ачылган. Биз жаш муундарды билим берүүнүн “базалык вариантына” таянып окута алдык. Алгач жаңы ачылган имаратта 1-4-класстын 450 окуучусу 5 класста, 3 нөөмөт менен билим алып келишкен. 15 класстык кабинеттер менен толукталды. 15 мугалим эмгектенди. Мугалимдердин милдети окуучуларды тез окууга жана туура жазууга үйрөтүү болчу.Бул маселенин үстүндө жогорку жана атайын орто билимдүү мугалимдер иштеген. Окуунун биринчи этабынан кийин окуучулар Ак-Босогонун жанындагы мектептерде окуусун улантышты. Мамлекетибиз өнүгүп, 2003-2004-окуу жылында Ак-Босого айылынын тургундарынын балдары үчүн жаңы мектеп имараты курулуп бүттү. 1-класстан 11-класска чейин окууга шарттар түзүлдү. 2023-2024-окуу жылында №81 орто мектебинин педагогикалык жамааты “Окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу менен окуучуларга сапаттуу билим берүү” темасында иш алып барууда.Бул темада 83 мугалим иш алып барууда, 56 класстар толукталган. 1-класстан 11-класска чейин 2198 окуучу билим алат.

1. Мугалимдин билими тууралуу маалымат.

  • Мугалимдердин билим сапаты: Мугалимдердин саны Жогорку
  • 78 Орто адистик
  • 5 Бакалавр –

2. Мугалимдердин иш тажрыйбасы жөнүндө маалымат.

  • Иш стажы 5 жылга чейин Мугалимдердин саны 18
  • 5 жылдан 10 жылга чейин 19
  • 10дон 15 жашка чейин 12
  • 15 жана жогору 25
  • 25 жана жогору 9

81 орто мектептин директору:           Атыкулова Элзат Эсенбековна