«Жаш манасчы — 2021» сынагы
Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жөнүндө » Мыйзамын ишке ашыруу, «Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу максатында жана 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнүн белгилөөгө карата Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулар арасында өткөрүлгөн «Жаш манасчы — 2021» сынагына 11-б классынын окуучусу Жолдошалиева Анжелика жана 10-б классынын окуучусу Акылбеков Сүймөнкул катышышты.
Жолдошалиева Анжелика 1-орунга ээ болду. Даярдаган мугалими Айдарбекова Фарида да «Мактоо барагы» менен сыйланды.
Комментарии