«Тил-улут жүзү»
Бишкек шаарынын №81 орто мектебинде 2022-жылдын
23-сентябрында Мамлекеттик тилдин 33-жылдыгына арналган
«Тил-улут жүзү» деген темадагы салтанаттуу иш чара өтүлдү.
Иш чарада 11-А класстын окуучулары тарабынан Ш.Дүйшеевдин «Кайдыгерлик» чыгармасынан композициялык сахналаштырылып аткаруу менен көрүүчүлөрдү кайдыгерликтен сак болууга чакырууга жетишти. Бул сахналаштыруу жөн гана аткаруучулукту гана талап кылбастан, мимика, жест аркылуу аткаруу менен аткаруучуларды дагы, көрүүчүлөрдү дагы кызыктыра алды десем жаӊылышпайм.
Ошондой эле 11-Б класстын окуучулары жана 9-Г классынын окуучуларынын көркөм окуудагы дикциялары, элди арбап алган үндөрү «Эне тили» тууралуу ырды жеткиликтүү түрдө аткарууга жетишишти.
Андан тышкары «Манас» эпосунан үзүндү айткан 11-А класстын окуучусу Максат уулу Нурали, 9-Г класстын окуучусу Шаршембиева Аруукенин комузда «Машботой» күүсүн ойногону, 7-А класстын окуучуларынын кыргыз колориттеги бийлерин айтпай коюуга болбос.
Кечени уюштурган, даярдаган кыргыз тили жана адабияты мугалими Кыдыралиева Жамал Өзгөновнага тереӊ ыраазычылык!
Комментарии