№81 Мектеп №81 Жалпы орто билим берүүчү мектеби

Ички тартиби

Мектептин ички тартибинин эрежелери
1. Жалпы Жобосу
1.1.Окуучулардын мектептеги ички тартибинин эрежелери “КР Билим
тууралуу” мыйзымынын жана мектептин Уставынын негизинде иштелип
чыкты
1.2.Мектептин ички тартиби окуучулардын мектептеги жана мектепке тиешелүү
аймактагы, ошондой эле мектептин окуучулары катышкан мектептен
тышкаркы иш-чаралар убагындагы негизги жүрүм –турум эрежелерин жана
нормаларын аныктайт.
Максаты:
– окутуу жана тарбиялоо процессинде зарыл болгон ыңгайлуу жумуш шарт түзүү;
– окуучулардын окуу программасын сапаттуу өздөштүрүүнү камсыздоо;
– инсанды жана анын укуктарын сыйлоого тарбиялоо;
– жүрүм –турум жана пикир алышуу маданиятын өнүктүрүү
2. Окуучунун милдеттери
2.1 Мектепке сабак башталардан 15 мүнөт эрте келгенге;
2.2 Мектеп аныктаган мектеп формасында, таза жана тыкан кийимде келүүгө (дене
тарбия сабактарында спорттук форманы колдонуу);
2.3 Кийим чечүүчү жайда сырткы кийимин чечүү, керек болгон убакта бут кийимин
алмаштырууга;
2.5 Өзүнүн окуу орундугун жана окууга керектүү куралдарын сабакка даярдоого;
2.5 Мектепте жана мектептен тышкары жерлерде өзүн маданияттуу алып
жүрүү;мектептин ички тартибине ылайык жүрүм-турум эрежелерин сактоого (окуу
процессин бузбоо, сабактарга ар дайым даяр болуу, сабактарга кечикпөө,класс жана
мектеп турмушуна катышуу,сабак учурунда телефон колдонбоого);
2.6 Педагогдор, мектептин жумушчу персоналдары жана окуучулары менен өз ара сый
мамиле түзүү, бакалардын эмгегин баалоо жана урматтоо менен мамиле кылуга;
2.6 Мектептин территориясында тазалыкты жана тартипти сактоого;
2.7 Мектептеги, класстагы коопсуздук атмосфераны түзүү жана колд
2.10 Мугалим берген тапшырманы оз убагында, так аткарууга, жоопкерчиликтүү
мамиле кылууга;
2.11 Мектептеги коомдук пайдалуу эмгек процессине катышууга милдеттүү.
3. Окуучуларга тыюу салынат:
3.1 Мугалимдин уруксатысыз сабак учурунда мектептен кетүүгө;
• 3.2 Спорттук , маданияттык жана класстан тышкаркы иш-чараларды таштап кетүүгө;
3.3 Кооптуу абалды пайда кылуучу иш-аракеттерди кылууга ( терезеге , партанын үстүнө
чыгып ойноого, ар кандай күйүүчу , жарылуучу заттарды кодонууга:
3.4 Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонууга
(алкоголь, наркотиктер, токсиндер, амфетаминдер, тамеки ж.б.);
3.5 Адамдын өмурунө жана ден соолугуна зыян алып келүүчу заттарды пайдаланууга;
(пистолет, бычак, мылтык, кастет ж.б.)
3.6 Мектепте психо-активдүү заттарды колдонууга ( насвай, тамеки, алкоголдук жана
энергетикалык ичимдиктер)
3.7 Орой, сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга;
3.8 Ар кандай диний агымдарды жайылтууга;
3.9 Азарттык оюндарды ж.б. адамдын өмурүнө жана психологиясына терс таасир этүүчү
оюндарды ойноого;
3.10 Сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга;
3.11 Сабактарды себеби жок калтырууга тыюу салынат.
4. Окуучулардын сабак учурундагы журум-туруму
4.1 Коңгуроо кагылары менен окуучулар өз ордуна келип, сабакка тиешелүү куралдарын
даярдоосу керек;
4.2 Кезметтеги окуучу класстык бөлмөнү жана сабакка керектүү жабдыктарды даярдап,
мугалимге сабакка келбеген окуучулар жөнүндө маалымат берүүсү керек;
4.3 Окуучу кечиккен учурда мугалимден уруксат сурап кирүүсу керек;
4.4 Ар бир окуучу класстагы иш ордунун тазалыгы жана сакталышы үчүн жооп берет;
4.5 Мугалим класска киргенде, окуучулар саламдашуу үчүн ордунан турушу керек;
4.6 Партанын үстүндө сабакка тиешеси жок ашыкча эч нерсе болбошу керек;
4.7 Ар бир предметтик мугалим КРнын Билим берүү жөнүндө мыйзамына каршы
келбеген эрежени орнотууга укуктуу;
4.8 Окуучу сабакта мугалимдин бардык талаптарын аткарууга милдеттүү;
4.9 Эгерде, окуучу сабак учурунда эшикке чыккысы келсе, педагогдон жооп сурашы
керек;
4.10 Окуучу бардык сабактарда кундөлүгү менен катышуусу керек жана коюлган бардык
баалар кундүлүктө болуусу керек;
4.11 Сабакка берилген убакыт предметти оздоштүрүү максатында гана болуусу керек,
сабак учурунда ойноого, башка нерсе менен алек болууга, башкаларга тоскоол
болууга болбойт;
4.12.Коңгуроо кагылгандан кийин мугалимдин уруксааты менен окуучулар тынч гана
класстардан танаписке чыга алышат;
4.13.Дене тарбия сабактарына окуучулар спорттук кийим жана бут кийим менен келишет.
Мугалимдин уруксааты жок окуучулар спорт залга кире алышпайт. Дене тарбия
сабагынан бошотулган окуучулардын да спорт залда сабакка милдеттүү түрдө
катышуусу керек.
4.15. Сабак учурунда мугалимдин уруксатысыз уюлдук телефондорду ж.б. техникалык
каражаттарды колдонууга болбойт.Сабак учурунда телефондор өчүрүлүшү керек.
Эгер мындай талап аткарылбаса, предметтик мугалимдер телефонду алып коюуга
укуктуу. Алынган телефондор мектеп администрациясына өткөрүлүп, ата-энелерине
гана кайтарылат.
5. Окуучулардын танапис учурундагы жүрүм-туруму
5.1 Мектеп имаратынын ичинде танапис убагында окуучу өзүн тынч, тартиптүү алып
жүрүүгө милдеттүү;
5.2 Ар бир окуучу, күзөтүү кызматчысынын талабы боюнча, өз аты-жөнүн жана классын
айтууга милдеттүү;
5.3. Коридор жана тепкичтерде жолдун оң жагында жүрүү шарт;
5.4.Танапис учурунда төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
– Ызы-чуу болуп, башкалардын эс алуусуна тоскоол болууга;
– мектеп коридорунда жана тепкичтеринде чуркоого;
– бири-бирин түртүшүүгө;
– кандайдыр бир көйгөйдү чечүү үчүн физикалык күч колдонууга жана орой, уят
сөздөрдү айтууга:
5.5. Жогорудагы пункттарда айтылган эрежежерди сактабаган учурда КРнын
мыйзамына ылайык чара көрүлөт.
5.6. Мектепке кирүү жана чыгууда башкаларды түртпөө, алдыга улууларды жана
кыздарды коё берүү;
5.7.Танаписте класста кезметтеги окуучулар гана калып, имаратты желдетип, классты
иретке келтирет;
5.8.Танаписте, сабактан уруксаат суранбаш үчүн дааратканага баруу керек, ал жерде
тыкан болуп, колун милдеттүү түрдө жууш керек.
6. Мектеп буюмдарынын жана окуу куралдарынын сакталышы
6.1.Бардык окуучулар мектеп буюмдарын сактоого милдеттүү, өз буюмдарына этияттык
менен мамиле кылуусу зарыл;
6.2.Окуучунун күнөөсү менен буюмдар бузулса, ата-энелери толугу менен ордуна коюусу
, же түзөтүүсү керек;
6.3.Окуучулар мектептин территориясына жашыл дарактарды отургузууга жана сактоого
көмөк көрсөтөтүүсү керек;
6.4.Окуу куралдары, китептер, окуучулардын күндөлүктөрү тыкандыкта болуусу керек;
6.5.Бүт окуучулар окуу куралдарын сактоосу керек.
6.6.Китептин барактарды жулуп же бүктөбөш керек, китепке жазууга, же сүрөт тартууга
болбойт;
7. Класстан тышкаркы массалык иш-чаралардагы окуучулардын
журум-турумдары
7.1.Мектепте иш-чара өтүүнүн алдында окуучуларга сөзсуз турдө коопсуздук
эрежелери боюнча маалымат берүү керек;
7.2.Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян алып келүүчү ар кандай
кырсыктардан алыс болуу үчүн окуучулар талап кылынган бардык шарттарды так
аткаруусу зарыл;
7.3.Окуучулар жетекчи көрсөткөн орундарында болуусу шарт;
7.4.Ар бир окуучу жеке гигиенаны сактоосу керек.Эгер кимдир бирөөнүн ден соолугу
начарлап, жаман абалга келсе, дароо класс жетекчиге же мектеп
администрациясына билдирүү керек. Ал окуучуга мектеп дарыгери же медайымы
тарабынан мүмкүнчүлүгүнө жарша биринчи жардам көрсөтүлүү керек жана атаэнесине маалымдоо керек. Эгер зарыл болсо “ тез жардам “ кызматын чакыруу
шарт;
7.5.Иш-чара убагында сүйлөшкөнгө, тегерегиндегилерге тоскоолдук кылууга, бир
орундан экинчи орунга өтүүгө, иш-чара бүткөнгө чейин таштап чыгып кетүүгө
тыюу салынат;
7.6.Ачык отторду колдонууга (хлопушка, фейерверг,факел ж.б.), өрттү пайда кылуучу
химикалык пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.

8. Ашканадагы жүрүм-турумга карата талаптар:
8.1.Ашканага өз классындагы окуучулар менен уюшулган түрдө жана тынч жагдайда
баруу;
8.2.Тамактануудан мурда колду таза жууш керек;
8.3.Тамак-аштарды кезек менен алуу;
8.4. Нан жана башка тамак-аштарга этияттык менен мамиле кылуу;
8.5.Тамактануу учурунда сүйлөбөө ;
8.6.Ашканага класс үчүн атайын түзүлгөн мөөнөт менен баруу;
8.7.Ысык жана суюк тамак-аштарды алууда жана колдонууда этият болуу;
8.8.Тамактангандан кийин колдонгон идиш-аяктарды чогултуп, атайын столго алып
барып коюу.
9. Корутунду бөлүк
9.1.Окуучуларга коюлган бул талаптардын бузулушуна карата тартиптик жана тарбиялык
таасир берүүчү чаралар колдонот:
o 1 .түшүндүрүү иштери
o 2 .ата-энелерин мектепке чакыруу;
o 3. Мектептин ички көзөмөлөнө коюу;

o 4. КДДга сунуштоо