Бишкек шаарындагы №81 орто мектебинин 15-февраль Афган күнүнө карата мектепте чоң иш чара өткөрүлдү. Өткөрүлгөн иш чара биздин Ак-Босого, Калыс Ордо жана Мурас Ордо конушунун афган ардагерлери, МТУ №16 айыл өкмөтүнүн башчысы жана Биринчи май районунун ардагери жана аксакалдар сотунун башчысы биздин иш- чарабызга катышып, конок болушту.
Мектепте 7-класстар арасында “Афган согушу – айыкпас жара” аттуу темада конкурс өткөрүлдү. Конкурс жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Конкурска 7б, 7в, 7г, 7д, 7ж – класстар катыша алышты.Жыйынтыгында төмөнкү класстар грамота менен сыйланышты.
1-орун 7″Б” класс, класс жетекчиси Шаршенова Атыркүл
2-орун 7 “В” класс, класс жетекчиси Тентимиш кызы Алтынай
3-орун 7 “Д” класс, класс жетекчиси Назарбек кызы Бактыгүл
Комментарии