«Ата- энелер мектеби » жана » Жаш мугалимдер мектеби «
Билим берүүгө арналган бирдиктүү иш
2024-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу 81-жалпы орто билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, Билим берүүнүн отличниги белгилүү эл агартуучу Гапыр Мадаминовдун катышуусунда «Энелер мектеби» жана «Жаш мугалимдер» уюму түзүлүп, биринчи отурум болуп өттү.
Иш-чара мектеп директору Атыкулова Элзат Эсенбаеванын сөзү менен башталып, иш-чаранын негизги бөлүгүн Гапыр Мадаминов улантып, ата-энелер жана мугалимдер үчүн алгачкы сабагын баштап берди.
Иш-чарынын соңу «Жаш мугалимдер мектебинин» түзүлүшү менен коштолуп, жаш мугалимдердин кызыккан суроолоруна жооп берүү менен иш-чара жыйынтыкталды.
Комментарии