9-май-Улуу Жеңиш күнү
2018-2019-окуу жылына карата «Улуу Жеңишке 74 жыл» аттуу конкурс уюштурулган
Улуу Жеңишке 74 жыл аттуу конкурс 9-класстардын арасында уюштурулган.Конкурстун негизги максаты окуучуларды ата мекенди коргоо жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында чоң иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө төмөнкүлөр камтылган:
1.Саламдашуу (девиз, ураан,катарда басуу)
- Хор ыры
- Монолог айтуу
9-класстар жакшы даярдыгын көрсөтө алышты. Калыстар тобу баалап беришти. Жыйынтыгында 9-в класс 60 упай топтоп 1орунду ээлешти. 9-а класс58 упай менен 2-орунду ээлешти. 9-б класс 56 упай менен 3-орунга ээ болушту.9-г класс 37 упай менен 4-орунга ээ болушту. Мектеп тарабынан ар бир жеңүүчү командага громата берилип, жакшы катышкан окуучуларга мактоо баракчалары берилди.
Комментарии