Бишкек шаарындагы № 81 орто мектебинде 2023-жылдын 3-март күнү, 5- март Ак калпак күнү жана 3-март Туу күнү белгиленди. Майрамдык иш чараны мектептин мүдүрү Атыкулова Эльзат Эсенбековна жакшы ой тилектерин каалоо менен Туубуз дайыма желбиреп, өлкөбүздө өнүгүү болушун, ак калпагыбыз унутулбай кийинки жаш муундун кийип жүрүшүн айтып, ачып берди.
Иш чарага мектебибиздин 9-класстарынын окуучулары катышты. Кыргыздын улуттук баш кийими болгон «калпак» тууралуу жана Туунун кабыл алынышы жөнүндө тарых , дин таануу боюнча сабак берген агайыбыз Төрөбай Акматович кеңири маалымат берди.
Комментарии