«Улут наркы- улуу тил»
21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата №81 жалпы билим берүү орто мектебинде 7- класстар арасында «Улут наркы- улуу тил» аттуу иш чара болуп өттү. Иш- чаранын максаты окуучуларды улуттар аралык ынтымакка үндөө, ар улуттун тилин, салтын, маданиятын үйрөтүүгө тарбиялоо. Иш чарага катышкан окуучулар ар улуттун каада- салтын көрсөтүп, улуттук эне тилинде саламдашып жана ырдай алышты.
Комментарии