Аттестат тапшыруу аземи
7-июлда биздин сүйүктүү бүтүрүүчүлөр аттестат алышты. Ал эми 5-июлда толук эмес орто билим жөнүндө документке 9-классты аяктаган окуучулар ээ болушту. Алардын ичинен артыкчылык күбөлүк менен 9-классты бүтүргөн окуучулар да жок эмес. Алар 9-А класстын окуучулары Болотбекова Даяна, Нурдин кызы Алтынай , Чороева Элида, ал эми 9-В класстан Өмүрбай кызы Айзат.
Бүтүрүүчүлөрдүн жолдору ачык болсун, келечеги кең болсун! Келечекте ар бириңер ар кандай кесиптин ээси болуп, кыргыздын керегине жараган бактылуу инсандардан болушуңарга №81 орто мектебинин жалпы жамааты чың жүрөктөн тилектеш болуп турат..
Комментарии