6- А класс
Бишкек шаарындагы Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган Улуттук адабият күнүнө карата арналган «Айтматов менен кездешүү» аттуу шаардык кароо сынагында №81 орто мектебинин 6-А классынын окуучусу Сабытова Индира 3-орунду ээлеп, Ардак Грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды. Индира «Алтынайдын монологун» көркөм айтып 50 мектептин ичинен суурулуп чыкты. Даярдаган мугалими Кыдыралиева Самида Тойматовна «Ыраазычылык кат» жана белек менен сыйланды.
Комментарии