«Математика, физика, информатика предметтеринин өз тили бар- бул формулалар»
«Математика, физика, информатика предметтеринин өз тили бар- бул формулалар» деген темада
13.01.2010-24.01.2020-жылы табигый илимдер бирикмесинин декадасы болуп өттү
Баялиева Гүлина Карыбаевна «Көбөйтүндүүдөн алынган квадраттык тамырга мисал иштөө» деген темада 8-Г класс менен ачык сабак өтүп бере алды. Сабак көрсөтмөлүү болду. Окуучулар активдүү катыша алышты.
Халилова Толгонай Абдиламитовна «Тик бурчтуктун жактары жана аянты». «Периметри» деген темада 5-В класска ачык сабак өттү. Сабак стандарттык түрдө өтулдү. Сабак максатына жетти. Сабакта интерактивдүү метод колдонулду. Окуучулар сабакка кызыгуу менен катыша алышты.
Касмалиева Гүлайым Жолдошбековна «Суутек атомунун спектрлери» деген темада физика сабагынан 9-Б класс менен ачык сабак өтулдү. Сабакта интерактивдүү метод колдонулду. Сабакта видео роликтер колдонулду. Сабак максатына жетти. Окуучулар активдүү катышышты.
Жеӊишбек кызы Элмира «Топтоо жолу менен көп мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратуу» деген темада математика сабагынан 7-В класска ачык сабак өтүп берди. Сабак стандарттуу түрдө өтүлдү. Сабак максатына жетти. Сабакка окуучулар активдүү катыша алышты.
Амираева Гүлайым Маннановна жана Шаршенова Атыркүл Сталбековна «Информатика биздин жашоодо» деген темада 5- класстар арасында стандарттык эмес конкурсттук ачык сабак өтүп бере алышты. Конкурста окуучуларды 3 топко бөлүнүштү. 3 тапшырма берилди. Жыйынтыгында жеӊген топтор грамота менен сыйланышты.
Усупова Атыркүл Джумабековна «Топтоо жолу менен көп мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратууга карата мисал иштөө» деген темада 7-Е класс менен ачык стандарттык сабак өтүп берди. Сабак көргөзмөлүү болду.
Аскалиева Нурзат Максүтовна «Тексттик редактор» жана «слайд түзүү» боюнча метод кабинетине мугалимдер арасында мастер класс өтүп бере алдым. Сабак кызыктуу болду. Мугалимдер кызыгуу менен тапшырмаларды аткарып жатышты. Сабак максатына жетти.
Комментарии