«Карысы бардын ырысы бар»
Кадырман карыялар!
Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Улгайган адамдардын аракети аркылуу биз азыр бакубат жашоодо өмүр сүрүүдөбүз.
«Карысы бардын ырысы бар», «Карынын сөзүн капка сал» деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.
Өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегиӊиздерди бийик баалайбыз.
Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү.
Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!
Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп,төрүбүздүн көркү болуп жашооңуздарды каалайбыз!»
Бар болуӊуздар кадырлуу карылар
Комментарии